super.kg logo

КСДП "СИЗО-1деги соттолуучуларда коронавирус болушу мүмкүн" дейт. Буга ЖАМКтын жообу

 

КСДП СИЗО-1 абагында кармалып жаткан адамдардан коронавируска карата анализ алынышы керек деп талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады.

"СИЗО-1де коронавирус болушу мүмкүн. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда Канат Сагымбаев (ред. Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы) ооруп жатканын айтты. Анда Сovid-19 инфекциясынын белгилери бар, 3 күн мурун ал СИЗО-1дин жетекчилигине кат менен кайрылган, бирок эч кандай жооп болгон эмес.

Буга байланыштуу биз тез аранын ичинде тиешелүү чаралар көрүлүп, абактагы адамдарды коронавируска карата текшерүүнү талап кылабыз. Эгерде факты аныкталса, ЖАМКтын жетекчилигине ооруну жашыргандыгы үчүн чара көрүү керек. Бул кылмыш", - деп жазган Жолдубаева.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты четке какты.

"Канат Сагымбаев СИЗОнун башчысына кат түрүндө да, оозеки да кайрылган эмес. Соттук процесске чыгардын алдында соттолуучуларды медицина кызматкерлери текшеришет. Эгерде анын дене табы жогору болсо же бир жери ооруп жатса аны процесске чыгарбайт эле", - деп айтылат ЖАМКтын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.05.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АШАнын тарбиясын алгандар баары эле окшош ШоуМен болуп тарбияланып чыгат окшойт
11.05.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне мынча бир жансакчы үчүн КСДП Атамбаевчилер мынча кыжалат болдуңар же бардык сырыңарды ачып салабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: