super.kg logo

"Тоого сойлоп чыгат". Эки буту жок ардагер 20 жылдын ичинде 17 миңден ашуун бак отургузган

 

50 жашынан баштап оорудан улам эки бутун жоготкон ардагер Ма Саньсяо кооз токойго айланган 17 миң бак отургузган. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай эч бир адамдын жардамысыз, кетмен жана бекем кайрат менен бардыгын өзү жасаган. Ал бул ишти бутун дарылоо акысына карызын төлөө үчүн 2000-жылы баштаган. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн үлгүсү менен жаратылыштын адам үчүн маанилүүлүгүн көрсөтүп, көпчүлүктү таң калтырууда.

Ма анын ден соолугу, ампутацияланган буттары ал тирүү турганда бак отургузууга тоскоол боло албай турганын айтат.

Улгайган адам Хэбэйдин түндүгүндөгү Цзин провинциясындагы Майу кыштагында жашайт. 20 жашында Ма аскер кызматкери болууну кыялданган, ошондуктан ал кызматка кеткен.

Үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин, ал кызмат өтөп жүргөндө инфекция жукканын байкайт. Натыйжада күчтүү инфекция анын өмүрүнө коркунуч келтире баштайт. Ошентип, анын аскердик карьерасы аяктап, туулуп өскөн жерине кайтып келген. Ма 19 жыл жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштеген, андан кийин фермердик иш менен алпурушкан. Бирок 1984-жылы анын бутундагы эски инфекция күч алып, бутун кесип салууга мажбур болот.

1986-жылы сезгенүү сол бутка жайылып, бирок ардагердин үй-бүлөсү анын экинчи бутунан айрылышын каалабай, аны дарылоону чечишкен. Бул үчүн алар 200 миң юан сарптап, бирок дарылоо жардам берген эмес. Ошентип, 2004-жылы дарыгерлер Манын сол бутун да кесип салышкан.

2000-жылы дарылоо карызын төлөө максатында Ма айылдын батыш тарабында жайгашкан тоодо бак-дарак отургуза баштаган. Ал бак отургузууга күн чыга электе эртең мененки саат 5те үйдөн чыгып кетет. Ал өзү менен тамак-аш ала кетип, күнү бою тоодо жалгыз бак отургузат.

Ал колуна мээлей кийип, бак отургузган жерине чейин сойлоп жүрөт. Чынында бак отургузуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга эле эмес, дени сак жаш жигит үчүн да кыйынга турат. Бирок ага карабай эки буту жок кары адам бул ишти жасап жатат.

Чынында анын бак отургузуусу дайымкыдай эле идеалдуу, жакшы боло бербейт. Кээде ал бак отургузуп жатып жаракат алган учурлары да болот. Бир жолу ал чуңкурга түшүп кетип, анын бутун эки дүмүр басып калган. Мындан улам анын жараат алган жерине эки металл плита салынган. Анан ал сөөмөйүнөн да айрылган.

Ардагердин айтымында, бак-дарак отургузуу алгач анын каржы табуу булагы болгон. Башкача айтканда, ал насыяны төлөп, үй-бүлөсүн багуу үчүн ушул жолду тандап алган. Бирок 2008-жылы анын окуясы Кытайдагы журналисттердин жардамы менен белгилүү болду. Ма жөнүндө маалымдоо каражаттары аркылуу белгилүү болгондон кийин, кытай өкмөтү ага каржылык жардам көрсөттү. Бирок жардам да ардагердин ишин токтоткон жок жана ал ишин уланта берди.

Жумушун улантуусун ал өкмөттүн жардамы жана коомго ыраазычылык билдирүү катары түшүндүрөт. Бир жагынан ал жасаган ишинен ырахат алат. Ма дарак отургузуудан жакшы энергия алат, жагымдуу жылуулукту сезет. Ал дарактарды жоокерлер деп эсептейт жана бак отургузууну ал өмүрүнүн аягына чейин улантууну максат кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(3)
11.05.2020. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кичинекей соомойу чыпалакпы ошондо
11.05.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизда ушундай, мээнеткеч, эл болгонубузда, Кыргызстанды гүлдөтүп жиберсек керек эле.
11.05.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
отургузган бактарынан осуп чыккан токойдун суротун кыстара кетсенер болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: