super.kg logo

Ысык-Көлдө коронавирус менен ооругандар кайра катталды. Облустар боюнча стационарларда канча бейтап дарыланып жатат? (статистика)

 

11-майга карата өлкөдөгү стационарларда 316 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 3 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 1 миң 100 адам обсервацияда жатат.

Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 413 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 210 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы алтоо (Бишкекте 5, Чүйдө 1) каза болду. Калган 197 жаран дарыланып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 293. Анын 143ү облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 117 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 23 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 4, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 13, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 6) стационарларда калууда.

Ош шаарында 150. Анын 141 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда калгандар 6 (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 4, облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында 2).

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 144. Бүгүнкү күндө анын 111и айыгып, 33 бейтап стационарларда калууда. (Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында 4, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 4, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 25).

Нарында жалпы 129. Анын ичинен 91 жаран сакайып, 38 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 27, Жумгал райондук аймактык ооруканасында 4, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 7).

Баткен облусунда жалпы 24. Анын 8 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 16 жаран стационарларда калууда (Кадамжай районундагы аймактык ооруканасында 6, Лейлек районундагы аймактык ооруканасында 6, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 4).

Ысык-Көлдө жалпы 12. Анын 10 бейтабы айыгып, калган 2 жаран облустук ооруканасында дарыланып жатат. Белгилей кетсек, буга чейин аталган облуста ооургандардын саны 10го жетип, 6-майга карата бардыгы айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
11.05.2020. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысык-көлдүн губернатору туура кылган ,справкасы жок киргизбей ,жана 14 күн карантин деп ... Ыйлактап атып алдырып салып мына эки киши келди оору менен ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: