super.kg logo

Талибдер Ооганстанга Түркмөнстандан бара жаткан гуманитардык жардамды кармап алышты

 

Түркмөнстандын Ооганстанга жиберген жардамын орто жолдон "Талибан" кыймылынын мүчөлөрү алып калышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жардам Маймана шаарына бара жаткан.

"Биз орто жолдон "Талибан" кыймылы алып калган жардамды муктаж болгон үй-бүлөлөргө берели деп жатканбыз. Мындан сырткары ал жардамды "Талибандын" көзөмөлүндөгү айылдар дагы алмак. Бирок жардам катары келе жаткан жүк көздөгөн жерине жеткен жок", - деп жазылат маалыматта.

Гуманитардык жардам катары келе жаткан жүк ташуучу унааларда дээрлик жашылчалардан, мөмө-жемиштерден жана жумурткадан турган азыктар болгон.

"Талибан" кыймылы бир унааны өзүнүн аскер лагерине алып барса, калганын ысыктын күнүндө эшикте кармап турушат.

"Талибан" кыймылы жардамды өзү таратпай же таратканга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ысыкта турган азыктар жөн эле бузулуп кетет", - деп билдирген шаар башчысы.

Азыркы тапта жардамды таратуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: