Орусия коронавирус менен ооругандар боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты
Орусияда бир суткада 11 миң 656 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусияда жалпы вирус жуктургандардын саны 221 миң 344.
"Дүйнөлүк рейтингде Орусия үчүнчү орунга чыкты. Учурда вирус эң көп Москва шаарында катталды. Ал эми бир суткада 94 адам каза болуп, эпидемия башталгандан бери 2 миң 9 адам көз жумган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.