super.kg logo
  Саясат  

Депутат чет өлкөлүк каржы институттарынан жана банктардан канча каражат келгенин сурады

 

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанар Акаев коронавирус башталгандан тарта чет өлкөлүк каржы институттарынан, банктардан канча каражат келгенин сурады.

Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков бүгүнкү күндө Эл аралык валюталар фондунан 120 миллион доллар келип түшкөнүн айтты. "Бул каражат бюджеттик колдоо иретинде берилди. 240 миллион доллар дагы аталган фонддон түшөт. Ал эми Ислам өнүктүрүү жана башка эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. Коронавируска байланыштуу төмөнкүдөй чыгымдар болду. 30 миллион эпидемиялык фондго кошумча акча каралган. ИИМ, ӨКМга атайын каражатка 100 миллион сом которулуп, сарпталды. Экспресс-тесттерди сатып алуу үчүн 131 миллион сом чыгаша болду", - дейт Кармышаков.

Депутат сырт мамлекеттер карыздарды төлөө мөөнөтүн узартканын айтып, андан канча акча үнөмдөлө турганын сурады.

Министрдин орун басары так айтуу кыйын, сүйлөшүү процесстери жүрүп жатканын билдирди.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн отчёту каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: