super.kg logo

Биолог коронавирусту текшерүүчү тесттер эмне үчүн так эмес жыйынтык көрсөтөрүн айтып берди

 

Коронавируска карата текшерилип жаткан тест айрым учурда так эмес жыйынтыкты көрсөтүп коюшу мүмкүн. Мындай маалыматты биология илимдеринин доктору Анчи Барановага таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

"Коронавирус жуктуруп алган адамдын организминде вируска каршы антителалар (ред. организмде ууларга каршы жаралган атайын белок заттар) иштелип чыкпаса, оорунун бардык стадиясында тесттин жыйынтыгы таза чыга берет. Бейтаптардын 40 пайызы инфекцияны, оорунун белгилери жок формасы менен жабыркагандардан жуктуруп алгандар болот.

Коронавирус илдетинин биринчи стадиясы эч кандай белгилери жок өтүшү мүмкүн. Экинчи стадияга жеткенде адамда оорунун белгилери билине баштайт. Бирок көпчүлүгүндө инфекциянын өрчүшү биринчи стадия менен эле бүтүп калат. Бул учурда организмдин иммунитети вирусту жеңе алат. Илдеттин соңку этаптарында организм инфекцияны жеңүү үчүн белокторду бөлүп чыгара баштайт, бирок бул учурда ички органдардын сезгенүүсү жүрө берет. Оорунун акыркы стадиясында вирус өтө жай көбөйөт, андыктан тест тапшырган адамдан вирус аныкталбай калышы мүмкүн. Акыркы стадияда ооруну жеңүүнүн негизги фактору организмдин иммунитетинин күчтүүлүгү, демек вируска канчалык деңгээлде туруштук бере алганына байланыштуу болот
", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: