super.kg logo

Депутат Икрамов чет мамлекеттердеги мигранттардын өлкөгө кайтып келе албай жатканы боюнча өкмөттөн жакшы жооп болбой жатканын айтты

 

Депутат Тазабек Икрамов чет мамлекеттердеги мигранттардын өлкөгө кайтып келе албай жатканы боюнча өкмөттөн жакшы жооп болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Негизи өкмөттүн кандай иштеп жатканын көрүп, билип жатабыз. Бүгүнкү күнү чындыгында кыйынчылык болуп жатат. Бирок менин телефонума бардык жактан биздин мигранттардан чалуулар келип жатат. Жолдо, көчөдө калган же болбосо Орусиядан дарыланып, келе албай калгандар кайрылып жатышат. Пакистандан 178 адам чыга албай, шарттары жок жерде жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин жооп болбой жатат", - деди Икрамов.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова: "Бизге дагы мигранттардан кайрылуулар келип жатат. Буга тиешелүү Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү иш алып барып жатат", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пакистанда "коля" бар бекен. Кысып эле үйдө отурушпайбы
bazar түзөттү 2020-05-11 16:04:38
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: