super.kg logo
  Саясат  

Финансы министринин орун басары тышкы карызды төлөө боюнча кандай иштер жүрүп жатканын айтты

 

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев тышкы карызды төлөө боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

"Быйыл тышкы карызга 28 миллиард 800 миллион сом төгүшүбүз керек да. Бул багытта кандай пландар бар?" - деп сурады депутат.

Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдиргендей, бул боюнча өкмөт, анын ичинде Финансы министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышат. "Өзүңүз айткандай, быйыл 28 миллиард 800 миллион сом график менен төлөнүшү керек болчу. 1-мартка чейин 3 миллиард сомдон ашык каражатты төлөп бергенбиз. Карыздын калган бөлүгү 2-4-кварталда төлөнүшү керек болчу. Кытай менен тышкы карыздарды төлөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деди Кармышаков.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн отчёту каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: