super.kg logo

Быйыл 9-11-класстар мамлекеттик экзамен тапшырышпайт. Жыйынтык бааларды атайын түзүлгөн комиссия коёт

 

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9 жана 11-класстардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коёт.

"Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө Жалпы республикалык тестирлөөгө көбүрөөк убакыт ажыратып, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Министрлик сунуштаган формат боюнча ар бир мектепте тиешелүү буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.

Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага каршы болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат", - деп жазылат маалыматта.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.05.2020. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку окуу жайлардагы экзамендер кандай форматта отот
11.05.2020. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖОЖдогу мугалимдерге кыйын болот го акча ала албай мындай болсо,бирок айласын таап алат алып жургон мугалимдер...
12.05.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amirrus,бирдик салып кой, банктан жонот, картама которуп кой анан коюп берем десе керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: