super.kg logo

Казакстанда акыркы коңгуроо салтанаты 3-4-июнь күндөрү өтөт

 

Коңшу Казакстанда мектеп окуучулары үчүн акыркы коңгуроо салтанаты 3-4-июнда ачык асман алдында өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Ералы Тугжанов билдирди деп жазышат казак басылмалары.

"Акыркы коңгуроо ачык асман алдында кагылып, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат. Бирок милдеттүү түрдө аз кишинин катышуусунда жана санитардык эрежелерди сактоо менен өтөт. Ал эми дистанциялык окуу ушул жылдын аягына чейин улантыла берет. Жалпысынан өлкөдө 3 миллион 300 миң окуучу, 1 миллион студент бар", - деген Тугжанов.

Казакстанда 11-май саат 16:00гө карата коронавирус менен ооругандардын саны 5 миң 138ге жетип, анын 1 миң 941и айыкты. 31 бейтап каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: