super.kg logo

Индияда коронавирустан каза болгон адамдар ооруканалардын палаталарында бейтаптар менен чогуу жатат (видео)

 

Индиянын Мумбаи шаарынын Сиона ооруканасында коронавирустан көз жумган адамдардын сөөктөрү ооруп жаткан бейтаптар менен чогуу жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бул көрүнүш коомчулукта өтө кеңири нааразычылыктарды жаратты. Жарандар эгерде мындай уланса, оорудан көз жумгандардын жана ооруну жуктуруп алгандардын саны өсүүнүн гана үстүндө болоорун айтып чыгышты.

Ал эми оорукананын башчысы Прамод Ингале каза болгон адамдардын жакындары алардын сөөктөрүн алып кете албай калгандыктан жана өлүк сактоочу жайларда орун жок болгондуктан, палатада калганын билдирген.

Эрежелерге ылайык коронавирустан каза болгон адамдын сөөгү ал көз жумгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде изоляцияга алынышы керек. Көп өтпөй оорукананын жетекчиси кызматынан алынган.

"Маселенин негизи көз жумган адамдардын жакындарында. Эгерде бейтап оор абалда болсо, биз жакындарына айтып эскертебиз. Биз аларга өлгөн адамдын денесин алып кетип, коопсуздук эрежелерин сактап көмгөндү үйрөтүшүбүз керек", - деп билдирген оорукананын жаңы жетекчиси.

Мумбаи штатында жалпы 22 миң 171 адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 832 адам көз жумган.






Бейтаптар менен кошо жаткан өлгөн адамдын денелери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп еле окшойт элдер маска эч нерсеси жок еле журушот го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: