super.kg logo

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: "Милиция кызматкерлеринин баары коронавирус жуктуруп, ооруканада жатат деген маалымат калп"

 

Бүгүн, 11-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын учурунда милиция кызматкерлеринен да вирус аныкталып, учурда 14 милиция кызматкери обсервацияда жатканын билдирген. Мындан сырткары ал эл арасында милиция кызматкерлерине байланыштуу түрдүү пикирлер жүрүп жатканын жана айтылгандар чындыкка коошпой турганын айтты.

"Милиция кызматкерлеринен коронавирус аныкталып, алар баары ооруканада жатып калганына байланыштуу иштегенге эч ким жок болуп калыптыр деген кептер айтылып жатыптыр. Чынында андай эмес, баары көзөмөлдө иштеп жатат. Алардын карантиндик шартта өзүн-өзү изоляциялоосу жергиликтүү милиция пункттарында жүрүп жатат.

Андан сырткары үй карантинине алынгандары бар. Кызматкерлерге муктаждык жаралса, шаардык ички иштер бөлүмүнөн, райондук бөлүмдөрдөн алып келип жатабыз. Мындан сырткары Бишкек шаарынан жол коопсуздугун тейлөө кызматы тарабынан 6 унаа менен 10 кызматкер келген. Мына ушулар азыр Нарын шаарында кызмат өтөп жатышат", - деп билдирди өкүл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: