UFC 249: Тони Фергюсондун кандай жаракат алганы белгилүү болду
UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы убактылуу чемпиону Тони Фергюсон UFC 249 турниринен кийин абалы оор болгондуктан ооруканага жеткирилген. Ооруканадан анын кандай жаракат алганы белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Тони Фергюсонго көз жагына алган катуу соккудан улам маңдай сөөгүнүн сынышы деген диагноз коюлду. Беттеште анын каршылашы Жастин Гейтжи маанилүү делинген 143 сокку жасаса, анын 100ү Фергюсондун бетине таамай тийген.
Эске салсак, 10-майда АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде Тони Фергюсон жердеши Жастин Гейтжиге беттештин бешинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.