super.kg logo
  Саясат  

Президент Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин активдештирүү зарылдыгын белгиледи

 

Бүгүн, 11-майда президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Акрам Мадумаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыздоо жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.

Акрам Мадумаров Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги курал колдонулган жаңжалды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө маалымат берип, анда жарадар болгон аскер кызматкерлеринин абалы тууралуу айтып берди.

Ал тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кырдаал андан ары күчөп кетпеши үчүн биргелешкен чараларды кабыл алуу зарылдыгы белгиленгенин билдирди.

Ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы сел кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Вице-премьер-министрдин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыктарынан Лейлек району көбүрөөк жапа чеккен, зыяндардын жалпы суммасы 55 миллион сомдун тегерегинде.

Акрам Мадумаров жергиликтүү бийлик ишке тартылган мамлекеттик органдар менен биргеликте жапа чеккен райондордогу инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү боюнча иштерди жасап жаткандыгын айтты.

Президент Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү зарылдыгын билдирди. Конструктивдүү сүйлөшүү процесси аркылуу биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуунун маанисин баса белгиледи.

Мындан сырткары жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин тез аранын ичинде жоюуга, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга, табигый кырсыктар көп болуучу аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылууга көңүл бурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: