super.kg logo

Вице-премьер: "Билим берүү тармагында эмгек акы аз болгондуктан квалификациялуу кадрлар кетип жатышат"

 

Билим берүү тармагында эмгек акы аз болгондуктан квалификациялуу кадрлар кетип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

"Мектепте жана мектепке чейинки билим берүү системинде иштөөнү каалаган жаш адистер азаюуда. Мугалимдердин эмгек акысы көбөйтүлгөнүнө карабастан ал мурдагыдай эле өлкө боюнча орточо эмгек акынын өлчөмүнөн аз. Экономиканын реалдуу секторундагы орточо эмгек акыдан аз жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү тийиштүү эмгек акыдан 3 эсе төмөн.

Мектептердин дайыма кем каржыланышы окутуунун сапатына кесепетин тийгизүүдө. Мектептик билим берүүдө нормативдик каржылоо боюнча ар бир окуучуга чыгымдар бюджеттин каражатынан 87,6 пайызы гана жабылат. Башкача айтканда, 2016-жылы окуучуларды каржылоонун минималдуу стандарттарынын кемтигин жабуу 2 миллиард сомду түзгөн. Натыйжада мыйзамсыз акча чогултуу системи ого бетер кеңейип жатат.

Көп тилдүү окутуу боюнча программа иштелип чыкканына карабастан аны мектептерге киргизүү боюнча толук иш жүргүзүлбөй жатат. Республиканын региондорунда, айрыкча элетте чет тилдерди (расмий орус тилди, англис тилин) билүү деңгээли төмөн. Ал эми Бишкек шаарында кыргыз тилди билүү өтө начар. Ошондуктан эми алдыда, тагыраагы, өкмөттүн программасында балдардын көпчүлүгү толук баалуу мектепке чейинки билим берүү менен камтылган жана турмуштагы ийгилик үчүн эртелеп зарыл импульс алышат", - дейт Исмаилова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
12.05.2020. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туураа. Эмгек акы ото аз. Мен башталгыч класс мугалими болуп иштегем. Аз гана айлык учун Бир кундук убактыбыз кетет. Туну менен эртенки сабакка даярданабыз. Окуучуга жеткиликтуу сабак отуу учун озубуз материал топтоп акча коротобуз. Коргозмо курал жасайбыз. Сатып алабыз. Ото туйшугу коп . Мектептен келип талаага чуркайбыз. Эгер жеткиликтуу айлык акы то́лоп берсе талаага чуркай эртенки сабакка кенири даярданып. Оюубуз Бир жерде болуп . Мектепте коргозмо куралдар материалдар кенири болсо иштейби
12.05.2020. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы убакта мектепте мугалим жетишсиз. Мен дыйканчылык менен эмгектенип мугалимдик кесиптен коп киреше болуп жатат
12.05.2020. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, балдарга билим берүүгө корогон убакыт менен нервдерди эч кандай акча төлөп бере албайт го. Мектептеги айлыктан көрө картошка алып сатсам да көп киреше табат экемин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: