super.kg logo

Өкмөт: "Эл аралык валюталык фонду Кыргыз Республикасына 121 миллион доллар которот"

 

Эл аралык валюталык фонд 8-майда Кыргыз Республикасына 121 миллион доллар өлчөмүндө көмөктүн экинчи траншын жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эл аралык валюталык фонддун биринчи траншы бюджеттин социалдык-маанилүү чыгымдарына пайдаланылган. Натыйжада, жалпысынан алганда Эл аралык валюталык фонддун линиясы боюнча көмөктүн өлчөмү 241 миллион 900 миң долларды түзөт.

5-майда Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын COVID-19 пандемиясына жаңы жооп кайтаруу терезесинин алкагында Кыргыз өлкөсү үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө бюджеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлган.

Буга толуктоо иретинде Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасын 2020-жылы колдоо үчүн аракеттер саясаты же башка насыя берүү негизинде максаттуу насыялоо аркылуу кошумча каржылоо маселесин карайт. Мындан тышкары 14-майда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан пандемиянын саламаттыкка тийгизген кесепеттерин жумшартуу боюнча өлкөнүн дараметин жакшыртуу үчүн өзгөчө долбоордук жардам түрүндө 20 миллион доллар бөлүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

Коронавирустун жайылуусу менен күрөшүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын 12 миллион 15 миң доллар суммасындагы каражаты жактырылды, ал боюнча тендердик процесс даярдалууда.

Европа бирлиги тарабынан бюджеттик колдоо түрүндө 30 миллион евро бөлүү маселеси каралууда. Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу Кыргыз Республикасында COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү максатында ишке ашырылып жаткан долбоорлордон 15 миллион доллар өлчөмүндө үнөмдөлгөн каражатты кайра бөлүштүрүү жана пайдалануу макулдашылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
11.05.2020. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өкмөт:"Эл аралык валюта фонду Кыргыз Республикасындагы бийликтеги коррупционер чиновниктердин чөнтөктөрүнө 121 миллион доллар которот"
11.05.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эо аралык валюталык фонду дагы дүйнөлүк валюта фондору канчалаган миллион доллар акчаларды ар кайсы мамлекеттерге бөлүп берип жатат, буларга акча каяктан түшүп атат бүт дүйнө кризис болуп жатса?
12.05.2020. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Которбой эле койсо болмок, дагы байышат экенда чиновниктер
12.05.2020. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция,аскер кызматкерлерге кошумча акыны толоп берип койгула.уялбай албайм деди дебей
12.05.2020. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооой мынча акчалар каяка синип кетип атат а,бир окмоттон гумпомощ алдым деген жаранды уга элекмин
12.05.2020. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Birimdik5555, акча келе элек жатып туура эмес жака ойлоносуңго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: