super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Фрунзе гипермаркетинин бир кызматкеринен коронавирус аныкталды" (видео, хронология)

 

Бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-12 10:31

Эне жана баланы коргоо борборунда дагы эки адамдан коронавирус катталганына байланыштуу кабыл алуу токтотулган.  

2020-05-12 10:27

Республика боюнча коронавирус 14 кош бойлуу аялда катталган.

2020-05-12 10:25

"Бишкекте "Фрунзе" гипермаркетинде иштеген кызматкерден коронавирус аныкталды. Ал өзү келип текшерилген. Ал жакта иштегендердин баарына лабораториялык тест жүргүзүлгөн", - дейт Нурболот Үсөнбаев. 

2020-05-12 10:22

Коронавирус менен ооругандардын арасында басымдуу бөлүктү 20 жаштан 60 жашка чейинкилер ээледи. Бул көрсөткүч калктын жалпы санынан 71 пайызды түздү.

2020-05-12 10:20

"Апрелдин аягында коронавирус жуктургандар азайып баштаган. Бирок сырттан келгендердин катталганына байланыштуу кайра көп болуп жатат", - дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

2020-05-12 10:10

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусундагы төрөтканадагы 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 6 медициналык кызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 241 медициналык кызматкерлер катталды, алардын ичинен 186сы стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-12 10:09

Жалпы республика боюнча интенсивдүү көрсөткүч боюнча (100 миң кишиге салыштырмалуу эсептелинет) алып караганда Нарын облусунда бийик көрсөткүч болууда. Нарында вирус менен ооругандар 44,7 пайызды түздү.

2020-05-12 10:05

Ооруканада 316 бейтап жатат. Анын 7өө оор абалда, 4өө жандандыруу бөлүмүндө.

2020-05-12 10:02

Бир суткада Кыргыз өлкөсүндө 21 адамдан коронавирус аныкталды.

Бишкек шаары – 10;
Чүй облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3;
Нарын облусу – 7.

Республика боюнча ооругандардын жалпы саны 1037ге жетти.

2020-05-12 10:01

12-майга карата 21 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. 
Бишкек  шаары – 12;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу  – 2;
Жалал-Абад облусу – 1.

Айыккандардын жалпы саны 709га жетти.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.05.2020. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ош шаарынан 3 киши калды деген, бугун 3 бейтап чыгарылса значит ооругандар калбады. Ушуну менен токтоп калса экен
12.05.2020. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол кызматкер иштеп турган учурда, кирип азык тулук алып турган канча киши болду экен алар азыр кайда журот? Масала ушул жерде эй туугандар!
Samatalibei түзөттү 2020-05-12 11:28:48
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: