super.kg logo

"Жүрөк сыздайт". Чек ара чырында үйү күйгөн Барака апанын арманы (маек, видео)

 

8-майда Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек ара чырында тажик тарап өрттөп жиберген үйдө эки үй-бүлө жашап келген. Азыркы тапта аталган үйдүн тамтыгы калбай күйүп, жууркан-төшөк күлгө айланган. Бул тууралуу күйгөн үйдүн 78 жаштагы ээси Барака Хамдамова апа SUPER.KG порталына айтып берди.

Анын айтымында, аталган үйдү алар ак эмгек, маңдай тери менен курган. Үй ээси октордун тарсылдаган үнү анын кулагында дагы деле жаңырып жатканын айтат. Себеби ок атышуу учурунда алар үйдүн ичинде жашынып каргашалуу окуяга күбө болушкан. Атышуу токтогондо, аларды аскер кызматкерлери үйдөн алып чыгып кетишкен. Апа "бул жагына да шүгүр, бала-чакам, өзүм аманмын, калганы табылат" деп төмөнкүлөрдү сүйлөп берди.

"Пенсиямды жыйнап, ага килем, 20 миң сом насыя акча алып кошумча төшөк-жууркан кылдым эле. Үй жаңы болчу, аны араң дегенде 3 жылда бүтүргөн элек. Үй бүтүп, балдарыбыз чоңоюп калгандыктан, азбы-көппү ушуларга той кылып, кыздарыма сеп берип, көзү өткөндөргө аш да бергенбиз. Эми эле жыйынып, теринип олтурганда бул иш болуп кетти. Өзүм быйыл 78 жашка чыгам, абышкам бири кем 80 жашта. 2-3 күндөн бери абышкам чай да ичпейт, сарсанаа болуп, маанайы жок жүрөт. Өзүмдүн болсо башым ооруп төшөктөн тура албай жатам. Үйүм күйгөн, дубалдары эле калды. Кошунам Эсендики болсо күйүп бүтүп эч нерсе калбаптыр.

Азыр жергиликтүү бийлик үйдү бүтүрүп, жардам беребиз деп жатышат. Андан аркысын билбейм. Кудай эли-журт, тууган-урук, калкыма берсин.

Кечээ күйгөн үйгө айыл өкмөт, аким барды. Дагы башка чоң бар экен, ал унаасын зуулдаткан бойдон качып кетип калды. Акрам Мадумаров келиптир, бирок ал биз жакка келген жок.

Азыр күндүз үйгө келем, түндө эки белди ашып барып, балдарымдын үйүнө түнөп келип жатам. Кудагыйымдын үйүндө азыр аскер кызматкерлери жатат. Ал жерге 1990-жылдары келгенбиз. 30 жылдан бери ошол жактабыз, биз келгенде ал жерде эч ким жок, жер какыраган талаа болчу. Чек араны коруйлу, тажиктерге өтүп кетпесин, ага-ини, тууган-урук, бала-чака бар деп жашап келдик эле. Абышкам экөөбүздүн 11 балабыз, 32 небере жана 10 чеберебиз бар".

Ал эми Барака Хамдамованын азыркы абалын социалдык тармактын колдонуучусу Милан Садыкжан уулу видеого тартып алган. Апа видеодо азыркы абалын жана арманын айтып берген.

Буга чейин күйгөн үйдүн чыгымдарын эсептөө, талашка түшкөн жерди чечүү максатында Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын деңгээлинде эки тараптуу сүйлөшүү болгон. Бирок али чыгым эсептелине электиги тууралуу маалымдалган. Ал эми бул маселе боюнча SUPER.KG порталы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн конкреттүү жооп ала албай убара. Көк-Таш айылынын жашоочулары мындай окуя жыл сайын кайталанып келгенинен улам заарканып калышканын жана бийликтен үмүт үзүп, ишеними жоголгонун айтышууда.

Эске салсак, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Тажик тарап чыр-чатак учурунда чек араны чок ортосунда жайгашкан кыргыз тарапка тиешелүү үйдү да өрттөп жиберишкен. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.
Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага жооп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.05.2020. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш эне картайганда жаман иш болуптур бийлик давно алдын алып бир иш кылышса болмок чек араны
12.05.2020. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек болуп кыргызстандын гражданы болуп ошончо байлык бийлигинер туруп ушул 78деги кемпирчелик чек араны кайтарып олтура албайсынар чириген чиновниктер.28 жыл тажиктерге отуп кетпесин деп коруп отурдук дейт.Уят бетинер жок экен.Силерге арам дунуйонор гана керек.
bekmaral түзөттү 2020-05-12 17:22:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: