Депутат Масалиев: "Финансы министри комитет жыйынына келсе көрүндүк берем"
Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Исхак Масалиев финансы министри Бактыгүл Жээнбаева отурумга келбегенине нааразы болду.
"Финансы министри жыйынга келгенде көрүндүк берет окшойбуз. Сизге берем көрүндүктү", - деп депутат премьер-министрге кайрылды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев финансы министри Бюджет жана финансы боюнча комитетте баяндама жасап жатканын айтты.
Ошону менен катар эле депутат вице-премьер-министр Аида Исмаиловага кайрылды. "Депутаттык адатыңызды калтыра элексизби же унутуп калдыңызбы чет жактан келген каражаттар боюнча маалыматты бере элексиз. Эл тараптан ар кандай суроолор болуп жатат", - деди ал.
Исмаилова маалыматты бүгүн берерин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
2

