Депутат: "Салык кызматынан маалымкатка мөөр бастыруу үчүн кезек күткөндөр болуп жатат. Жарандарга оңой мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек"
Депутат Таабалды Тиллаев Салык кызматынан маалымкатка мөөр бастыруу үчүн кезек күтүүлөр болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Санариптештирүү деп айтабыз. Бирок акыркы күндөрү Салык кызматынан маалымкат алууда кандай кезектер болуп жатат. Жарандарга оңой мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Алар иштейбиз деп аракет кылып жатышат. Бул мамлекет, бюджет үчүн пайда. Миңдеген адамдар Салык кызматында маалымкатка мөөр бастырайын деп турушат. Бул маселени штаб менен кеңешип, башка жолун кабыл алсаңыздар жакшы болот эле", - дейт Тиллаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

