super.kg logo

Чек ара чырында өрттөлгөн үй тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөстөн, курулуп баштай турган болду

 

Чек ара чырында өрттөлгөн турак үй кайра курулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берип жатып, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан айтышты.

"8-майда Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чыр-чатактын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдү кайра куруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясы каржы булактарын аныктады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов турак үйсүз калган үй-бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди мекеменин өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.05.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чек араны жабыш керек эле деп олтурбай дароо жапкыла. Азыр барабыз, азыр кылабыз. Кыргыздын азыры качан бутот?
12.05.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kuzgo cheyin emes azyr ele buturup bergile. 45 kundo bir uy buturso bolot. Uyat ele bir choon mamleket bir uydu 5 ay kursa.
12.05.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таджиктер толосун уйду ,биздикилер кылганда толотмок
12.05.2020. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тажикстан менен болгон бардык чек аралар жабылсын, жаман кошунанын барынан жогу жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: