Ысык-Көлдө кош бойлуу келин чогуу жашаган жаран тарабынан сабалды
Ысык-Көлдө боюнда бар аялдын сабалышы боюнча иш иликтенип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-май күнү Каракол ШИИБине 32 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда чогуу жашаган 40 жаштагы жаран аны сабаганы жазылган.
"Арыз жазган аял мурда дагы үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп жүргөн. Бирок ал милицияга кайрылган эмес. Учурда ал 5 айлык кош бойлуу. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүргүзүлүүдө. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти милициядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.