Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 17-майга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат
14-17-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
15-майга чейин күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу бул шилтемеден окуңуз.
16-17-майда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
16-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 17-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
16-17-майда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
16-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
16-майда күндүз жана 17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
16-17-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
16-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. 17-майда айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
16-17-майда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
15-17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-майда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
16-17-майда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
15-17-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
16-17-майда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
16-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз жана 17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетет.
кошулду



1 |