super.kg logo

"Апа, сени аябай сагындым". Бишкектеги инфекциялык ооруканада иштеген дарыгер уулу менен дээрлик 2 айдан бери жолугуша элек

 

Бүгүнкү күндө Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 197 бейтап дарыланып жатат. Аталган ооруканада 37 дарыгер, 164 медперсонал (медайымдар, санитаркалар) 24 саат бою үзгүлтүксүз иш алып барышууда. Алардын бири дарыгер-инфекционист Наталья Прыткова. Анын дээрлик 2 айдан бери жумушта калып иштеп, үй-бүлөсү менен видео байланыш аркылуу кабарлашып турарын баяндаган кыска тасманы республикалык штабдан жарыялашты.

Дарыгер 22-марттан бери жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус аныкталган бейтаптарды дарылап келет. Айтымында, бир күндө 6 саат бейтаптардын жанында болушат, андан кийин бейтаптардын тарыхын карап, аларды дарылоо менен алектенишет.

"Бул жактан оорулуулардын баарын дарылап, илдетти жеңгенден кийин гана чыга алабыз. Ооруну өзүбүздү изоляцияга алуу менен гана жеңебиз", - дейт ал.

Дарыгердин ата-энеси кызы менен видео байланыш аркылуу кабарлашып турарын айтышат. Аптасына бир жолу ооруканага тамак-аш, кийим-кече алып барып, дистанциялык аралыкты сактоо менен берип келерин кошумчалашат. Ал эми дарыгердин Руслан аттуу уулу туулган күнүнө апасынын келишин күтүп жатат.

"Апа, сизди сагындым, келиңизчи дейм. Ал мага оорулуулар көп болуп жатканын айтат", - дейт Руслан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.05.2020. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элдин балдары жылдап ата апасын Россиядан качан келет деп күтүшөт. Бүгүн Эки айы не болуп калыптыр
12.05.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Tyty1990,Ассаламоому аалейкум досум туура айтасын. Эч нерсе болбойт сабыр кылып турсун 1941 жылы балдар Атасын 1945 жылга чейин куткон.
MDN түзөттү 2020-05-12 19:07:19
13.05.2020. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мигранттардын балдары байкуштар жылдап кутот. Эх 2 ай эле болсо кана дешээр кээ бири...
13.05.2020. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото жаман болгон турбайбы биздин балдар 3 жылдан бери корушо элек бизди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: