113 жашында коронавирусту жеңип... Дүйнөдө вирустан айыккан эң улгайган адам катталды

Испаниянын эң узак жашаган тургуну, коронавирус менен ооруган Мария Браньяс дүйнө жүзүндө вирусту жеңген эң улгайган адам болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Март айында Испаниянын Олот шаарындагы Санта-Мария-дель-Тура карылар үйүндө коронавирус инфекциясы катталган. Канчалык чараларды көрүшкөнүнө карабастан, Испаниянын эң улгайган айымы, 113 жаштагы Мария Браньяс да илдетти жуктурган. Бирок анын оорусу жеңил, белгиси жок өтүп, вирусту жеңип чыккан. Маалыматка ылайык, карылар үйүнүн 17 жашоочусу вирустан көз жумган.
Геронтологдордун билдиришинче, Мария айым дүйнө жүзүндө коронавирусту жеңген 110 жаштан ашкан жалгыз адам катары саналууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.