super.kg logo

90 жаштагы видео оюнчу "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди

 

90 жаштагы Япониянын тургуну дүйнөдөгү эң улгайган виртуалдуу оюнчу катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

90 жашка чыккан япониялык Хамако Мори компьютердик оюндардын атасын таанытат. Ал 1981-жылы кичинекей балдардан таасирленип, виртуалдуу оюндарга кызыгып, берилип ойноп баштаган. Алгач Мори үйрөнчүк катары ойноп жүрсө, акыркы кезде такшалган оюнчуга айланган. Жадакалса 188 миң катталуучусу бар Gamer grandma баракчасы аркылуу душмандарды кантип жок кылуу, алардан кантип өтүү керектигин үйрөтүп келет. Мори айым күнүнө 7-8 саатын оюнга бөлөрүн айткан. Акыркы кезде ал бул хоббисин жыйыштырып, көбүнчө өзүнө көңүл бөлүп жатканын билдирген. Бирок 40 чакты жылдык өмүрүн видео оюндарга арнаганына өкүнбөйт.






90 жаштагы компьютердик оюнду катыра ойногон кемпир "Гиннес рекорддор" китебине кирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: