Садыр Жапаров "УКМКга сурак берип чыктым, бирок менин суроолорума алар жооп бере алышпады" дейт
Мурдагы депутат Садыр Жапаров УКМКга сурак берип чыккандыгын бизге билдирди. Айтымында, 2-сентябрда көрсөтүлгөн видеотасмага байланышкан суроолор берилиптир. “Берген суроолорунун баарына жооп бердим. Ал эми менин “ушунчалык маанилүү маалыматты неге таратып жибердиңер? Силер ойлогондой болсо, бизди Нарын дарыясын ууландырып жаткан убакта кармабайт белеңер?" деген суроомо эч кимиси жооп бере алышпады. Иш боюнча түшүнүк кат жазып берип чыгып кеттим”,- дейт Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
-1

