super.kg logo

Мэрия: "Шаардыктар үчүн электрондук уруксат берүү системи иштей баштады"

 

Бишкек шаарында жүрүү үчүн электрондук уруксат берүү системи ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, карантин маалында ишмердигине уруксат берилгендер мэриянын 312.meria.kg порталына кирип, электрондук уруксат алууга билдирме калтырса болот.

"Интернет ресурстун биринчи күнүндө эле 836 билдирме келип түштү. Анын ичинен 815и кароодо, 14 макул жана 7 билдирмеден баш тартылды. Мындан тышкары райондук салык кызматы дагы штаттык режимде жарандарды кабыл алып жатат.

Ленин району боюнча - 2 миң 134 аныктама жана 265 патент берилди;

Биринчи Май району боюнча - 3 миң 989 аныктама, 245 патент;

Октябрь району боюнча - 3 миң 26 аныктама, 116 патент;

Свердлов району боюнча - 4 миң 227 аныктама, 296 патент берилген;

Салык кызматы кечки саат 20:00гө чейин иштеп жатат.

Эскертүү! Жасалма документ жасоо, алдамчылык фактыларын болтурбоо максатында мекеменин ар бир кызматкери каттоодон өтүүсү зарыл", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.05.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элди кыйнап еле жатасынар, бир куну эмне болоор экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: