super.kg logo

Коңшу Тажикстанда сутка ичинде 68 адамдан коронавирус аныкталды

 

Жакында эле коронавирус инфекциясы расмий түрдө катталган Тажикстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Бибихонум Дарвесзода билдирүү жасаган.

"Акыркы бир сутка ичинде коронавирусту жуктурган адамдардын саны 68 ​​кишиге көбөйдү. Өлкөдө жалпы оорулуулардын саны 720 адамга жетти жана бул илдеттен каза болгондордун саны 23", - деп билдирген басма сөз катчы.

Анын айтымында, учурда өкмөт жана өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана Социалдык коргоо министрлиги коронавирустун алдын алуу жана дарылоо үчүн бардык чараларды көрүп жатышат.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана Социалдык коргоо министрлиги өлкөнүн бардык тургундарын жеке гигиена эрежелерин так сактоого жана оорунун белгилери байкалган учурда тез арада жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: