Былтыркы жылы мигранттар өлкөгө 2 миллиард 400 миллион доллар которгону айтылды
Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 2019-жылы мигранттар өлкөгө канча каражат которгонун сурады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, былтыр мигранттар 2 миллиард 400 миллион доллар которгон.
Депутат муктаж болгон мигранттарга 10 миллион сом которуп койгон туура эместигин айтты. "Экономикага ушунча салым кошкон мигранттарга 10 миллион сом каражат бөлгөнүбүз болбойт", - деди депутат.
Ошону менен катар эле ал санариптештирүү иши болбой калганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:39
2025-09-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.