Ош шаарында чет өлкөдөн келген жарандар үчүн 2 миң 226 орунга ылайыкташкан обсервациялар даярдалды
Бүгүн, 13-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов онлайн маалымат жыйын берди. Анда облус аймагындагы акыркы кырдаал боюнча негизги маалыматтар айтылды. Мэр жыйын учурунда шаардагы эпидемиологиялык абалга токтолду.
"Бүгүнкү күндө Ош шаарында коронавирус оорусу аныкталган жалпы 113 жаран катталган. Анын ичинен айыгып чыккандардын саны 103 адамды түзөт. Анын ичинен 2 адам тилекке каршы каза болуп калды.
Ал эми вирус жуктурган 50 медицина кызматкеринин ичинен 48и айыккан. Азыркы кырдаалга даяр болуу максатында жалпы 2 миң 226 адамга ылайыкташкан обсервациялар даяр болду. Бул, албетте, чет элде жүргөн мекендештерибиз келип калса деген учурга даярдык", - деди Сарыбашов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ZUXRIDDIN20

13.05.2020. 15:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек Россиядан алып келинет экенда Мигранттарды
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.