Депутат Акаев: "Контрабандисттер жакында Ак Үйгө келип, бензин сатканы калышты"
"Контрабандисттер жакында Ак Үйгө келип, бензин сатканы калышты" деп бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
"Бишкектин тегерек четинде аткезчилик жолу менен келген күйүүчү май сатылып жатат. Жакында контрабандисттер Ак Үйгө келип, бензин сатканы калышты. Мамлекетти аткезчилик каптап бүттү. Бир жылда 5 миллиард сомдой күйүүчү майдын контрабандасынан бюджетке каражат түшпөй жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Мамлекеттик салык кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилерин кызматтан кетирүү керек. Чечкиндүү кадамдарга барганда аткезчилик токтойт. Кийинки келген жетекчиге аткезчиликти токтотуу талабын коюш керек", - дейт Жанар Акаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
1

Аикезчилик мамлекетке пайда келтирбесе элге пайда кылып жатат да 30 сомдон сатып. Ал эми аткезчилиги жок алып келгендер смлерге окшогон гисар койлорду багып, карапайым элди кыйнап жатат.