super.kg logo

Депутат Тиллаев Исхак Раззаковдун эмгегин даңазалоо иштери жакшы жүрбөй жатканын айтты

 

Депутат Таабалды Тиллаев мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун эмгегин даңазалоо иштери жакшы жүрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын белгилөө боюнча президент жарлыкка кол койгон. Бүгүнкү күнгө чейин маалымат каражаттарында ал кишинин өмүр баяны, кылган иши тууралуу бир дагы материал чыккан жок. Бул мамлекет тарабынан кандай мамиле деп түшүнсөк болот?" - деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин жарлыгы менен өкмөт уюштуруу комитетин түзгөн. "Комитеттин башында өзүм турам. Эки жолу отурум өткөн. Бардык мамлекеттик органдарга тапшырмаларды бергенбиз. Азыр коронавирус менен алаксып жатабыз. Жакында ал кишинин эмгегин элге даңазалоо иштерин активдүү жүргүзөбүз", - деди өкмөт башчы.

Депутат жумушчу топто ал дагы бар экенин айтып, бирок отурумга чакырбаганын эскертти. Ошону менен катар эле депутат Исхак Раззаковдон эл үлгү алыш керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: