super.kg logo
  Саясат  

Президентке башкы прокурор Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди

 

Бүгүн, 13-майда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Прокуратура органдарынын учурдагы ишмердүүлүгү жана алардын алдына жакынкы келечекке коюлган артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура органдарынын иши жөнүндө отчёт берип, коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымдады.

Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен 2019-жылы 36 миңден ашуун мыйзам бузуу аныкталып, прокуратура органдары тарабынан укук бузууларды калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлүп, мамлекеттин пайдасына 1 миллиард сомдон ашуун кайтарылгандыгы белгиленди.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жана Сот реформасы боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Президент прокуратура органдары тарабынан өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгү жана мыйзамдуулуктун бекемделиши сөзсүз түрдө камсыз болушу керектигин белгиледи. Мамлекеттик бийлик органдарында, укук коргоо органдарында коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга карабастан, соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: