super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө 1 жарым миллион бейтап коронавирустан айыкты

 

14-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жугузгандардын саны 4 миллион 343 миң 269га жетти. Анын арасынан 1 миллион 547 миң 294 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылса, 296 миң 784 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 390 миң 250 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 243 миң 430 адам сакайып, 84 миң 106 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Орусияда вирус менен алышкандардын саны 241 миң 271 болду. Андан 48 миң 3 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы 2212 адам каза болду.

Англияда болсо 230 миң 986 адам коронавирус илдетин жуктуруп катталды. Арасынан айыгып чыккандар - 1030, көз жумгандар - 33 миң 264.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: