Ош облусунда түнү күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 14-май күнү Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-май күнү саат 03:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.