Кытайда сутка ичинде 3 адамдан вирус аныкталды
Коронавирустун очогу болгон Кытайда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 3 адамдан аныкталса, 6 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде инфекция аныкталган 3 адам тең өлкөнүн түндүк-чыгышында аныкталды. Тагыраагы, Ляонинг провинциясында экөө жана бири Цзилин провинциясында. Сутка ичинде бул коркунучтуу оорунун айынан каза болгондор катталган жок.
Бул көрсөткүч менен коңшу өлкөдө жалпы 84 миң 24 адамдан вирус аныкталды. 4 миң 637 адам каза болсо, 79 миң 245 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.