super.kg logo

Сингапурдук изилдөөчүлөр коронавирус качан токтой турганы боюнча жасаган божомолун жокко чыгарды

 

Сингапурдун Технология жана дизайн университетинин (SUTD) изилдөөчүлөрү эсептөө жүргүзүшүп, Кыргыз өлкөсүндө жана башка мамлекеттерде коронавирустун жайылуусу качан токтой турганын жарыялашкан. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жайылуусу июнь айынын ортосуна чейин бармак.

Аталган университеттин окумуштуулары түзгөн эсептөө графигиндеги болжолдуу даталар жокко чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Буга чейинки божомолдор мындан ары жараксыз болуп эсептелет. Анткени илдеттин өнүгүү жолу тездик менен өзгөрүп жатат. Келечекте так боло турган божомолду жасоо аракеттери белгисиз болуп жаткан абалдан улам адаштырууга алып келиши мүмкүн деп белгилешет адистер", - деп айтылат.

Окумуштуулар дүйнө жүзүндө коронавирус ушул жылдын декабрь айында токтошу мүмкүн деген алдын ала маалыматты айтышкан.

Коронавирус илдетинин токтошу тууралуу алдын ала маалымат жасалма интеллекттин жардамы менен эсептелген. Анда ар кайсы өлкөлөрдүн, атап айтканда, "Our World in Data" илимий онлайн басылмасына жарыяланган регрессиялык маалыматтарга негизделген. Статистика күн сайын жаңыланып тургандыктан, алдын ала эсептөөлөрдө катачылык болушу мүмкүн жана мындай эсептөө билим берүү жана изилдөө максатында жүргүзүлгөн. Мындан улам окурмандар муну божомол деп кабыл алуусу керектигин эскерткен университет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.05.2020. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул убакытка чейин айтканынар бири дал келсе олойун.Ванга болуп кетишет тим еле.
14.05.2020. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KalenAlmaz, Ванганын айтканы дал келиптирби анан???
14.05.2020. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сингапурлуктар айтты деп эле жадатышты го, же бул вирустун атасы беле Сингапур.
24.05.2020. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы учурда токтторун изилдешти дейт анан мындай нерсеге ишенбегиле дегени эмнеси тооба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: