Коронавирус жуктурган Орусиянын президентинин басма сөз катчысына эки тараптуу пневмония диагнозу коюлду

Анын айтымында, ал күн сайын коронавируска тест тапшырып келген. Ошол тесттеринин биринде андан коронавирус аныкталган. "Тесттен кийинки биринчи күнү эч кандай белгилер болгон жок. Андан соң дене табым 37 градустан жогору көтөрүлүп жатты", - деген Песков. Ал 2-3 күн үйдө жаткан соң гана ооруканага кайрылганын билдирген.
"Азыр бир тараптуу пневмония болсо, үйдө эле дарыланып жатышат. Бирок эки тараптуу болгондо, айла жок...", - деген Песков.
Эске салсак, 12-май күнү Дмитрий Песковдун коронавирус жуктурганы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.