super.kg logo

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 1082ге өстү (видео, хронология)

 

Бүгүн, 14-май саат 10:00гө карата өлкөдөгү коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-14 10:13

Суроо: 15 жашка чейинки балдар арасында коронавируска кабылгандардын саны эмнеге көп болуп жатат?

Жооп: "Балдар илдетти чоңдордон жуктуруп алып жатышат. Көбүндө илдеттин белгилери жок өтүп жатат".

2020-05-14 10:12

"Мен түштүк аймактагы абал менен таанышып келдим, ал жакта абал туруктуу. Биз катуу көзөмөлдөп жатабыз. 1-2 жарандан оору аныкталган учурлар болууда, алар чет өлкөдөн келгендер".

2020-05-14 10:10

"Кош бойлуу келиндерди төрөтканалар кабыл албай жатышкан маалымат боюнча парламентте дагы маселе көтөрүлдү. Биз курсактагы баласы чарчап калган келин тууралуу маалыматыбыз бар. Анын иши боюнча текшерүү жүргүзүлөт", - деди Каратаев.

2020-05-14 10:09

Өлкө боюнча стационарларда 335 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 5 жаран оор абалда жандандыруу бөлүмүндө.

2020-05-14 10:07

"Мага азыр эле жаңы маалымат келди. Ага ылайык, Нарын облусунда дагы 15 жарандан коронавирус аныкталды", - деди министрдин орун басары.

Муну менен ооругандардын жалпы саны 1082ге өстү.

2020-05-14 10:05

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкек шаары – 5;
Ош шаары  – 1.

Ал эми стационарлардан 3 медицина кызматкери сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча 247 кызматкерден коронавирус аныкталып, алардын ичинен 192си стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-14 10:03

Бүгүнкү күнгө карата 23 жарандан коронавирус аныкталды. 

Бишкек шаары – 14;
Чүй облусу - 4, алардын ичинен 2 жаран Соль-Илецктен келгендер;
Ош шаары - 1;
Жалал-Абад облусу - 4;

Жалпы 1067.

2020-05-14 10:02

Сутка ичинде 9 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Бишкек шаары – 5;
Ош шаары - 1;
Ош облусу - 2;
Нарын облусу - 1.

 Жалпы 735.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.05.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге 23 анан башында 38 деп турат
14.05.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adilet2014,Нарындан 15 өө кошулуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: