super.kg logo

Бразилияда коронавирустан каза тапкан 108 дарыгердин элесине арналган флэшмоб өттү (видео)

 
Бразилиянын медициналык кызматкерлери коронавируска чалдыккан бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп жатып, өздөрү дагы оору жуктуруп каза тапкан кесиптештерине арнап флэшмоб уюштурушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Бразилиа шаарындагы Сан-Паулу ооруканасынын алдында чогулган дарыгерлер, медайымдар, санитарлар жана медициналык профсоюздун кызматкерлери илдеттен көз жумган дарыгерлердин элесин эскерүү менен бирге коргонуучу кийимдердин жетишсиздигин билдирип протест көрсөтүүнү максат кылышкан.

"Медициналык кызматкерлер пандемия маалындагы эмгек шартты жакшыртууну талап кылып келишет. Ал эми өлкө жетекчилиги өмүр сакчыларын коргоонучу кийимдер менен камсыздап, талаптарын аткаруунун ордуна айкелдер менен эстеликтерге бет кап кийгизип жашоочуларга вирустун жайылышын токтотуу керек дегенди түшүндүрүү менен алек" , - деген нааразы болгон дарыгерлердин бири.

Пандемия башталгандан бери, Бразилияда COVID-19 инфекциясынан 108 медициналык кызматкер көз жумган. Дагы 14 миң дарыгер ооруну жуктуруп алышкан.






Бразилия, Бразилиа шаары. "Коронавирус менен күрөшүп жатып каза тапкан дарыгерлерди эскерүү"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: