super.kg logo

Нидерландыда ресторандар кардарларды күнөсканадай болгон бөлмөлөрдө тейлеп жатышат

 

Нидерландынын борбору Амстердамдын ресторандарынын бири конокторго карантинде кантип коопсуз кызмат кылуу керектигин тапты. Ага келген коноктор изоляцияланган айнектен жасалган атайын күнөскана сыяктуу бөлмөлөргө олтуруп, тамактана алышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Мекемеде конокторго вегетариандык меню сунушталат. Ресторандагы официанттар бардык коопсуздук чараларын колдонушууда. Алар жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн кол кап жана бет кап кийип иш алып барууда жана кардар буюртма берген тамагын жеткирүү үчүн атайын узартылган подносторду колдонуп жатышат.

Башында мындай кызмат мекеменин кызматкерлери, алардын туугандары жана досторуна практикаланып, атайын сынооодон өткөн.

Бул жерде чыныгы "күнөскана шарттары" түзүлгөн. Мекеменин биринчи коноктору тейлөөнүн жаңы форматын жогору баалашты. Алардын айтымында, мындай жайлуу жерде кечки тамак ичүү кадимки ресторанга караганда алда канча романтикалуу", - деп айтылат маалыматта.

Нидерланды 11-майдан тарта карантин чектөөлөрүн жеңилдете баштаган, тактап айтканда, чачтарачтар жана сулуулук салондору ачылган. Өлкөдө 1-июндан тарта коомдук транспорттор өз ишин улантат жана кадимки график боюнча үзгүлтүксүз иштей баштайт. Театрлар, музейлер, кинотеатрлар жана ресторандар да кадимки мурунку калыбына түшмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: