super.kg logo
  Саясат  

Депутат Момбеков: "Учурда эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы жакшы тааныйт"

 

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков маданият, спорт тармагынын бюджетинин кыскарышы боюнча нааразычылыгын билдирди.

"Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун барактап чыгып, таң калдым. Силер Жогорку Кеңештин бюджетин 80 миллион сомго кесипсиңер, Башкы прокуратураныкы 15 миллион сомго, Финансы министрлигиникин 21 миллион сомго азайтыпсыңар. Өкмөт менен президенттин иш башкармалыгын 2 миллион 500 миң сомго кыскарыптыр. Эң кызыгы Маданият, маалымат жана туризм министрлигиникин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинин тең жарымын алып салыпсыңар. Бизде Олимпиадага, Көчмөндөр оюндарына ким даярданат? Азыркы күндө эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы, Кубатбек Бороновго караганда Жоломан Шаршенбековду жакшы тааныйт. Бул бюджетти өзгөртө турган саясат эмес. Өкмөт башчынын отчётун карап, таң калдым. Эки жылда эч нерсе кылбаган өкмөт азыр бир нерсе кылабы? Ал биз эми аракет кылабыз деп жатат. Быйылкы жылы деле ушундай аракети менен жылдын этегинде элдин шоруна калат", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: