super.kg logo

Бишкекте 25-марттан бери 80 жол кырсыгы катталса, 20сы велосипед тепкендердин катышуусунда болгон

 

Милициянын кайгуул кызматы велосипед айдоочуларын жол эрежелерин так сактоого чакырат.

25-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал тартиби учурунда Бишкек шаары боюнча жалпысынан 80ден ашык жол кырсыгы катталса, анын 20сы велосипед тепкендердин катышуусу менен болгон.

Бишкек шаардык ИИББинин милициянын кайгуул кызматы жарандарды велосипед менен жүрүүдө жол эрежесинде жазылган талаптарды аткарууга чакырат:

- бир кол менен эмес, сөзсүз эки колу менен велосипедди башкарууга;

- балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоого;

- велосипед менен кошумча жүк ташыбоого;

- жеке коопсуздук үчүн башка жөө жүргүнчү жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп, жетелеп өтүүнү;

- түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү чыптамалар менен же жарыктандыруучу шаймандарды колдонууга;

Жол жээги менен велосипед башкарууда унааларга карама-каршы багытта жүрүүгө жана атайын велосипед айдоочулары үчүн салынган жолдордо жүрүүнү сунуштайт.

Азыркы учурда милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарындагы кырдаалга байланыштуу велосипед айдоочуларга карата алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: