super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жээнчороев Керезбековго: "Регламентти бузганыңыз үчүн үзгүлтүксүз отставкага кетишиңиз керек"

 

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.

Депутат Мирлан Жээнчороев бул жерде болгон процедуралардын баары бузулуп жатканын айтты.

"Бул мыйзам долбоорун бүгүн караган туура эмес. Долбоор жыйындын күн тартибинде эртең мененге чейин жок болчу. Буга чейин мыйзам долбоору боюнча отурум өтүш керек эле. Босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү боюнча ноябрда отурум болуп, декабрда төрагага, сизге жөнөтүлгөн. Сиз регламентти сактаган адам, бүгүн регламентти бузуп отурасыз. Бул үчүн сиз үзгүлтүксүз отставкага кетишиңиз керек. Сиз юридикалык илимдеринин докторусуз. Бул жерде академиктердин беттерине кара көө жаап жатасыз. Босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун адилеттүүлүк үчүн талкууга коюңуз же четке кагыңыз. Сиздердин комитетте фракция жетекчилери, вице-спикерлер отурат. Отурум өткөрүп, талкуулап алып келишиңиздер керек болчу. Алдын ала материал таркатпай туруп, бүгүн мыйзам долбоорун тез убакта киргизгениңиз этикага туура келбейт", - деп депутат Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канатбек Керезбековго кайрылды.

Керезбеков Жээнчороевди эмоцияга алдырбоого чакырды. "Бул менин чечимим эмес, комитеттин чечими. Регламент бузулган жок. Өкмөттүн корутундусу бир убакта келип калса, эки мыйзам долбоорун чогуу талкуулайт элек. Азыр каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу апрелде, сиздердин мыйзам долбоору боюнча 12-майда келди", - деди Керезбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: