Эл өкүлү "тукумдан кыр издебегиле" деген сөзү менен депутаттарды күлдүрдү
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босоголук чекти 7 пайызга төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Бир канча депутаттар мыйзам долбоору регламентти бузуу менен өтүп жатканын айтышты.
Анда бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Өмүрбек Бакиров кесиптештерин жумурткадан кыр издебөөгө чакырып жатып, "тукумдан кыр издебегиле" деп айтып алды. Ал учурда депутаттар күлүп жиберишти.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Өмүрбек Бакиров жакшы маанай тартуулаганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Эл аралык,коронавирус деген сөздү.
Эр аралык ,канаравирус деп сүйлөгөндөр деле креслодо отурушбайбы .