super.kg logo

"Улуу-кичүү дебей илдеттин олуттуу экенин баары түшүндү". Таласта коронавирус илдетинин катталбаганынын себеби айтылды

 

Талас облусунда коронавирус илдетинин катталбаганынын себеби жана оорунун киришине жол бербөө иш-аракеттери тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев бүгүн, 14-майда айтып берди.

"Талас облусунда илдеттин катталбаганынын эң биринчи себеби, алгач ыкчам иштер уюштурулуп, облусту изоляцияга алдык, эл арасына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Экинчиден, жергиликтүү эл, аксакалдар, улуу-кичүү муун дебей, илдеттин олуттуу экенин баары түшүнүү менен кабыл алышып, бири-бирине каттоону токтотуп, адамдардын топтолушуна жол беришкен жок. Эл ичинен азамат жигиттер өздөрү аймактарга постторду уюштурушуп, элдин кыймылын болтурбоого жардам беришти. Өз учурунда медицина, милиция кызматкерлери жана илдетке каршы ишке тартылган бардык жарандар активдүү иш алып барышууда.

Талас облусунда илдет катталбаганы менен өлкөдө бул оору менен күрөшүү жүрүп жаткандыктан, бизде да кооптонуу бар. Коюлган тапшырма, талаптарды туура аткарып, санитардык-гигиеналык ченемдерди колдонуп, бул илдетти эл менен бирге жеңип чыгаарыбызга ишенем. Мен жергиликтүү элге, оорунун алдын алууга тартылган бардык кызматкерлерге, күнү-түнү иштеп жаткан медицина, милиция, укук коргоо органдарына ыраазычылык билдирип кетем”, - деп билдирди Мураталиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
14.05.2020. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мактанбай коё тургула эми)
14.05.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таласта мектеп, бала-бакчалар ачылып иштей берсе болмок, эмнеге аны ойлонушпайт, Кыргызстанда жок дегенде Таластын мектептери ачылып, сабактар өтүлүп, анан Акыркы Коңгуроо салтанатын өткөргөнү уруксат бериш керек эле.
14.05.2020. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опко жок болсо каяка барсын вирус, тамаша тытып кетпегиле, албетте кубанычтабыз, ар бир кыргызым оорубасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: