super.kg logo

Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги жана башка райондордогу посттор алынып жатат

 

Бүгүн, 14-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйын берди. Анда ал облустагы акыркы кырдаал тууралуу айтты.

"Облус аймагында азыркы тапта абал туруктуу. Ошол эле кезде жалпыбызга маалым болгондой, Чаткал районуна карантин киргизилген. Ал эми облустун башка шаарларында өзгөчө кырдаал режими сакталуу. Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги жана башка райондордогу карантиндик посттор жеңилдетүү катары алынып жатат. Өнөр жай, мал чарбачылыгы, дыйканчылык тармактарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында бул иштер жүргүзүлүп жатат. Бирок Чаткал районундагы 12 пост алынган жок. Ал жакка кирип, чыгууга тыюу салынган. Мындан сырткары аталган райондо милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып, жумуштарды алып барышууда", - деди Мирзахмедов.

Белгилей кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин уланмакчы. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө азыр да күчүндө.

Кыргыз өлкөсүндө 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: