БШКнын төрайымы жергиликтүү кеңештерди шайлоонун мөөнөтү белгисиз экенин айтты
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева жергиликтүү кеңештерге шайлоо качанкыга белгиленгенин сурады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо 12-апрелге белгиленип, бирок коронавируска байланыштуу белгисиз мөөнөткө калтырылганын белгиледи. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо качан өтөрү азырынча белгисиз. Жергиликтүү кеңештерди шайлоо парламенттик шайлоого чейин өтүп кетсе жакшы болмок. Бирок баары өлкөдөгү кырдаалдан көз каранды", - деди Шайлдабекова.
Буга чейин шайлоо 12-апрелге белгиленген болчу. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештеринде өтмөк.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

